Камчыбек Ташиев: Төрт-беш боз үй тигип, туу коюп алып «биз жерди сактап калдык» деген бузукуларды укпагыла

Жергиликтүү тургандар «Кемпир-Абаддын» жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, 17-апрелде мөөнөтсүз акция башташкан. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

 

Жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда, УКМКнын төрагасы провокаторлорго эскертүү берди:

«Жерлерди Жапаров сатып жибериптир, Ташиев сатып жибериптир деп жатышат. Эч ким, эч кандай жерди саткан жок. Ошол бузуку-провокаторлорду укпашыңар керек. Мен келдим силерге чындыкты айтып берем. Биз эч качан бир стоых, бир метр жерибизди бирөөгө берген эмеспиз, бербейбиз дагы. Бул жакты сатыптыр, берип жибериптир деген ар түрдүү жаман сөздөрдү айтса бизге жабышып калбайт. Ал өзүнүн күнөөсү. Эптеп жамандап калайын дегендер, мен силердин бетиңерге айтып коёюн туура эмес кыласыңар. Төрт-беш адам чогулуп алып, бир-эки тууну коюп алып, жерди сактап калдык дейт. Андай болбойт.»

Жер алмашуу аракети быйыл 24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болду.

http://ua.kg

 


Сиздин пикир