Камчыбек Ташиев: Темир Сариев менен саясий альянс түзүү тууралуу сүйлөшүү болгон эмес

«Мен саясий иш-чарага конок катары чакырылгам жана күтүүсүз жерден мага сөз берип калышты”,-деп билдирди  Barometr.kg сайтына мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, ал “Ак-шумкар” партиясынын курултайынын катышуучуларын куттуктап, партия Темир Сариевди президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жатканына колдоо көрсөтөрүн айткан.

«Саясий альянс түзүү тууралуу эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес”,-деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-июнда «Ак-Шумкар» партиясынын курултайы болгон жана партиянын мүчөлөрү  бир добуштан Темир Сариевди президенттикке талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу