Камчыбек Ташиевдин жээни “Кыргызтелекомго” Вице-президент болуп келди

УКМКнын төрагасы болгон Ташиев Кыргызстандагы бийликтин бутактарына туугандарын, акя-укяларын, өкүл балдарын коюп жатат. Жакында жээни Замирбек Кожомуратовду “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун Вице-президенти кызматына койду. Ал, бул тармакка такыр тийешеси жок адам. Тайкесине таянып, коллегаларына басым жасап, билгенин кылып жатыптыр. Өзүнө таасир топтош үчүн “Камчы акяма ишиӊер болсо түз эле кирип айтып чыгам, мага келгиле” деп мактанып жатат дейт коллегалары. Октябрда аянтка чыккан жаштар Камчыбек Ташиев кызматты басып алып, туугандарына бийликти бөлүштүрүп берсин деп чыгышты беле? Мындай абал улана берсе, жакында кайра эле революция болот. Оозубузду ачып, “Ташиев дагы кайсы тууганын кызматка коет” деп отура берели. Дагы көргөнүӊөрдөн, көрө элеиӊер алдыда.

Сиздин пикир