Калмаматов: Түрмөдөн үч ай мурда чыккан талапкер мынча акчаны кайдан тапты?

Бүгүн, 8-январда, президенттикке талапкерлердин дебаттарынын экинчи айлампасынын акыркы бөлүгү өтүп жатат. Улукбек Кочкоров, Бабыржан Толбаев, Бактыбек Калмаматов, Жеңишбек Байгуттиев, Имамидин Ташов жана Арстанбек Мыктыбек КТРКнын эфиринде теледебатка катышууда. Алар коррупция жана анын себептери жөнүндө суроого жооп беришти.

Бактыбек Калмаматов фаворит деп эсептелген талапкердин эсебинде миллиондогон сомдор бар экендигин, анын кайдан келип жатканына кызыкты:

“Силер фаворит деп жаткан кандидаттын фондунда 50 миллион акча бар. Ал түрмөдөн чыкканына үч эле ай болду. Ал мынча акчага ээ болушу мүмкүн эмес. Эгерде ал өзү мындай акчаны кайдан алгандыгын айтпаса, анда анын талапкерлиги күмөн жаратат. Башкалардан айырмасы жок талапкердин бийликке келишине себеп болбошуңузду суранам. Көптөгөн баннерлер, эл толгон стадиондор, азыр баары күмөн саноодо. Бул мага белгилүү бир адамды жактырбагандыгым үчүн эмес, өлкө үчүн болгон азаптын айынан болуп жатат, – деди Калмаматов эмоционалдуу түрдө.

Урматтуу элим! Чындыкка тике карайлы, бүгүн айдактап, кошоматчылардын тилине кирип, криминал, олиграхтардын жетегине салып бербегиле. Эгер калыс боло алсаңар, адилеттүү боло алсаңар – дал ошол адамды шайлабашыңар керек!”

Жалпысынан талапкерлер коррупция темасында тааныш сөз айкаштарын колдонушат, чиновниктердин мыйзамсыз баюусу боюнча журналисттердин чуулгандуу иликтөөлөрүн эстебей туруп.


Сиздин пикир