Кайынсиндим балама “эшек” деп ат коюп алыптыр

Мен турмушка чыкканыма 2 жылдан ашты 1 балам бар. Башында келгенимде кайынсиндим жаш болчу 5 класс эле аябай жакшы көрөт элем ,өзүм жуунтуп, чачтарын ар түрлүү кылып жасап, тырмактарын алып берчүмүн. Азыр убакыт өтүп чоңойгонгобу билбейм маг эле күн көрсөтпөй турган болду. Мени кайнене кайнатама жамандайт экен күйөөм экөөбүз да кайынсиндимин айынан көп урушабыз. Бир күнү балама эшек деп ат койуп алыптыр анан “ат койбой эле өзүнүн атынан эле айтын” десем баарынын көзүнчө “Сиздин ишиңиз болбосун мен өзүм билем бар жоголуңчу” деп бакырса. Эч кимиси кой деп койгон жок. Анан күйөөм кирип сен менин жалгыз карындашым болсо эмне ага антип сүйлөп жатасын деп урду.Ыйлап ыйлап алып балам үчүн деп жүрө бердим. Кечкээ эле “келин болгондон кийин кыласын да” деп ар ишти жумшап үйлөрдү чачып салат. Азыр эмнегедир кайынсиндимди көрөөргө көзүм жок. Жакшы сүйлөсө да жаман көрөм аны. Көрсөм эле кыжырым кайнап нерв болуп кетем.Эмне кылсам?


Сиздин пикир