Кайрат Кыргыз: “Самара окуу жайды өнүктүрөрүнө ишенем”

Ырчы Кайрат Салмакеев (Кыргыз) Самара Каримова тууралуу өз пикирин  Аrgument.kg сайты аркылуу билдирди

“Иштерман киши иштей берет экен. Төбөсү көрүнүп калган өнөрпоз ырчынын, уюштуруучулуук жөндөмүн жаштыгын пайдаланып калыңыздар дейт элем. Улуу комузчунун атын алып жүргөн музыкалык училищанын жамаатына кайрылуу болсун”

Нурлан агай, Райхан эже! Сиздер баш болуп, биргелешип, жардамдашып иштеп кетээринерге көзүм жетет. 200 тегерегиндеги студенттер эмдиги жылы САМАРАНЫН аркасы менен куттуктайбыз 500 жетти деп сүйүнчүлөп калгыла. Мыкты таланттуу маданиятка жакшы салым кошкон азаматтар чыксын! Алдынкы үлгүлуүү училищалардан болсун!

Ынтымак бар жерде ырыс бар! САМАРАНЫН сулуулугу мага жетпейт конечно же бирок мен ойлойм, Самара өзү кандай тыкан, сулуу болсо окуу жай да өз келбетине келип өркүндөйт деп. Жакшы ниет менен акмалап туралы достор!-дейт ырчы.


Сиздин пикир