Каза болгон адамды тирилтип унаасын сатып ийишкен

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүндө, өткөн жылдын октябрь айында каза болгон адам унаасын кайра каттоодон өткөрүү үчүн “тирилген”. Ички иштер министрлигинин криминалдык полиция кызматынын аймактар аралык бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көзгө урунарлык факт аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Февраль айынын башында Араван районунун тургуну ички иштер органдарына анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, жолдошу 2020-жылдын октябрь айынын аягында каза болгон. Бирок, каза болгондон кийин, анын тууганы Daewoo Matiz унаасын белгисиз адамдарга сатып жиберген. Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 2020-жылдын ноябрь айында маркум каза болгондон бир ай өткөндөн кийин сатып ийишкен. Жабырлануучу бул окуяга Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүндө түздөн-түз катыштыгы бар экенин билдиргенкан.
Сатып алуу-сатуу бүтүмүн түзүүдө, каза болгон адамдын колу коюлган. Кылмышка шектелип “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкери жана өзүн тууганмын деп тааныштырган Ош облусунун тургуну кармалган.
Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки тергөө иш-чараларынын алкагында бир катар экспертизалар дайындалды. Сатылган жана кайра чыгарылган унаанын жайгашкан жери аныкталат.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир