Илим Карыпбеков: “Самара Каримовага мектептин директору болууга мүмкүнчүлүк берип көрсөңөр, ал кыйындыгын далилдеш үчүн жанталашып иштейт”

“Самара Каримованын музыкалык мектептин директору болбошу керек дегенге 2 гана жүйөөлүү себеп бар. Бирөөсү, “Самара Каримова нотаны билбейт, жетекчилик тажрыйбасы жок” деп айтып жатат, экинчиси “Самара Каримованын жолдошу Асан мырза иштеткен саунада сойкулар бар, ошондуктан мындай ыплас иштерген тиешеси бар адам музыкалык окуу жайдын жетекчиси боло албайт” деген себеп”, – деп бүгүн, 19-январда КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков билдирди.

“Ар бир адам мүмкүнчүлүк алууга укуктуу. Самара Каримова болсо соттон утуп чыкты, министр Нуржигит Кадырбеков кол койду. Эмне үчүн ушул кызга бир шанс бербейбиз?.. Иштегенге мүмкүнчүлүк бергиле да. Иштетип көргүлө да. Иштесин, көрсүн. Балким, бул кыз музыкалык мектептин багын ачаттыр. Бул кыз ушунча тепки-соккуга алынгандан кийин, кыйын экендигин далилдеш үчүн мектептин багын ачат. Бул кыз жөн эле иштебейт, “шанс берилип жатат” деп, жанталашып иштейт”, – деди ал.

ВИДЕО  – https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=10157830275728016&id=716033015


Сиздин пикир