Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин коом менен тыгыз байланышып, калктын калын катмарындагы көйгөйдү окуп ага жооп да жазып жатканы тууралуу Илим Карыпбеков өзунүн инстаграмм баракчасына жазып чыкты: «Бизге деле адам жакпайт. Качан кайсы мэр ушинтип соцтармактан ар бир суроого жооп берчи эле? Иса Өмүркуловду, Албек Ибраимовду, же Азис Суракматовду элестете аласыңарбы ушинтип жооп берип жатканын? А биз чалчакейибизди чыгарып, кошунаң осуруп койсо дагы мэрден осурба деп айтып койчу деп отурабыз. Болбой эле осуруп атса, мэр кетсин деп кыйкырабыз. Эх кыргызым, укмуш эле калкпыз да!»- деп жазган.
Чынында кандай суроо жаралбасын мэриянын кабылдамасын какпай социалдык тармактардан жолдоп, андан жообун да алып жатканыбыз чындык эмеспи.