Залина Касымова: “Сонун адамдар, көрсө, биз токтолгон кезде жолугат экен”

 

Кылкыякчы кызыбыз Залина Касымова катылган ойлорун баракчасына бөлүштү.

“Кош, 2020… Бул жыл элибиз пандемия менен күрөшүп, адамдын, жакындарыбыздын, досторубуздун баркын билген жыл болду. Башкалардай эле менде да чоң өзгөрүүлөрдүн жылы болду. Бир нече жылдардан бери кандайдыр бир жакшылык, үй-бүлөмдүн бүтүндүгүн сактап калуу үмүтү менен жашап келе жаткам. Ошол күтүү, ошол чечкинсиздиктин чынжыры үзүлүп, балдарым менен өз жолума түшкөн жыл болду. Артка кылчайып карап, канчалаган кыйын күндөрүмдү эстеп, ошол эле учурда азыркы экиндик, кайратымды, чыйралганымды ойлоп, “бул жыл менин жеке жашоомдун жаңы эшиги ачылган жыл болду” деп айтаар элем. Көптөр аяп карашат, бирок мага бул жакты. “Неге мындан 5 жыл мурда эле ушундай кылбадым экен?” деп кээде өкүнүп кетем. Көрсө, биз, аялдар өзүбүздүн кухняга өзүбүз эле камалып алат турбайбызбы. Ар кимдин көзүн карабай, эркин дем алып, эркин жашоо керек экен. Мен азыр ошондой сезимдерде жашап жатам, жашоону сүйүп жашап атам. Сонун адамдар, көрсө, биз токтолгон кезде жолугат экен. Анан алар да сонун болот экен. “Неге буга чейин ар кимден коркуп, шектенип жашадым?” деп көп ойлоном. Көрсө, жашоонун сырлары көп кырдуу болот тура. Сага тоскоол болгон, сени убайымга салган, сенин кадырыңды билбеген адамдар менен ойлонбой эле кош айтышып, өзүңө тең адамыңды, керек болсо өзүңөн артык адамыңды таап алышың керек экен. Кудайга шүгүр, мен азыр эне катары, эки баламдын сүйүктүү апасы катары бактылуумун, кыргыз элимдин өнөр адамы катары бактылуумун, чоңойсом деле ата-энемдин эркеси катары бактылуумун. Анан мени баалаган, жакшы көргөн адамдар канча жылуу сөз айткан сайын, канча гүлдесте сунган сайын ошол бакытым өсүп, чоң бакытка айланып баратканына бактылуумун. Ылайым, 2021-жыл да баарыбыз үчүн аманчылыктын, ийгиликтин жана бакыттын жылы болсун!”


Сиздин пикир