Жусупжан Жээнбеков уулун “Тазабек Икрамов өлтүрттү” деген күмөн боюнча үн катты

Бул тууралуу экс-губернатор koom.press сайтына билдирди

«Ушул теманы козгоп менин жүрөгүмдү ооруткандан эч тажашпады. Эшигиңдин алдында тоогуң жоголуп кетсе кандай ичиң ачышат. Аскар тоодой орун басарым, уулум жоголуп, мандатымды тапшырып коюп бир жылдан кийин денесин, алты айдан соң башын эки башка таап жерге берген менин күйүтүмдү душманга дагы каалабайм. Ооба, жакындан бери менин уулум Бактиярды депутат Тазабек Икрамов өлтүрүүгө буйрутма берген имиш деген маалыматтар чыгууда. Бул ишке УКМК дагы аралашып атыптыр. ИИМдин иши кандайча УКМКга тийешелүү болуп калганына таң калдым. Ошол уулум каза тапканда Тазабек Икрамов менин алдымда олтурган болчу. Чын эле тийешең болсо айт, экөөбүз коңшу айылданбыз, тууган урук менен чабышып кетпейли»-десем «Аяш аке, коюңузчу, мен кантип сиздин уулуңузду өлтүрөм» деп карганып берген. Антип экөөбүз айтышып атсак ошол убактагы президенттин коопсуздук жагын караган Жаныш Бакиев мага телефон чалып «Мен уулумдун өлүмүн Тазабек Икрамовдон күмөн санайм деп жазып берип койсоңуз болду, калган ишти биз бүтүрөбүз»-деп калды. Колум менен кармап албасам, же бир күмөнүм болбосо эмнеге жазып берем. Эгерде сенде факты болсо кармап алып барып кара деп жазган эмесмин. Андан кийин деле кол астымда иштеп жүрдү. Бир экиде оозунан чыгып кетеби десем чыккан жок. Анан айрымдар «Тазабек менен Бактияр урушуп кетиптир, ошого өлтүрткөн»-деген версияны ойлоп чыгышты. Урушпаган ким бар экен, ата менен бала, бир туугандар деле урушат да. Урушса эле өлтүртүп коймок беле? Мен билгенден бул жерде чоң акча бар. Шектүү деп камакка алынган Зикирбаевди болсо абактан качырып атып салышты. Ошол жигит көп нерсени билчү болуш керек. Бул кылмыштын делосу менен жакында барып таанышам. Мурда такыр колума беришкен эмес. Ошол жакта Тазабектин аты жөнү катталган эмес деп үмүт кылам. Эгер катталып калган болсо, мыйзам алдында жооп берет. Кечээ жакында Тазабек дагы байланышты. Аке мени ушинтип каралап атышат дейт. «Сени ушул окуяга жооп берүүдөн жалтанып Кыргызстандан качып кетет экен деген сөздөр чыгууда. Эгерде өлкөдөн качып кетсең Бактиярды өлтүргөн болуп эсептелесиң, качпа, ак экениңди далилде»-деп айттым. Журналисттерге айтаарым баламдын өлүмүнөн саясат жасап, менин жүрөгүмдү оорутканыңар аз келгенсип, уулумдун төрт баласынын да жашоосуна так салып атасыңар. Келиним неберелерим менен катташтырбай, эне катары калкалап жүрөт окшойт. Жашабай жатып жашынакай күйөөсүнөн айрылганы аз келгенсип, артынан ушундай ушактар айтылса ага деле оор тийет. Балдары чоңоюп, үйлөнүп жайланып калгандыр. Жашоолорун тынч койбойсуңарбы? Тазабек Икрамовду жамандап, Жусупжан Жээнбековдун уулун өлтүрүптүр деп окуяга аралашып жүргөнсүп сүйлөгөндөр эгер далилиңер болсо бергиле мага, укук коргоо органдарына. Болбосо мен уулумдун өлүмүн депутаттан күмөн санабайм. Ал өлтүрүп атканда жанында турган эмесмин. Чын өлтүргөнүн билсем, башкача сүйлөшөт элем, ким болсо дагы. Факты бере албасаңар уулумдун жанын тынч койгула, жайында тынч жатсын. Кудай бар, акыры бул чындык ачылат, аны так билем. Жашым өтүп калды, жүрөгүмдү кайра-кайра канатпагыла»-деди экс депутат.

Эске сала кетсек, мындан 13 жыл мурун 2008-жылы ошол убактагы депутат Жусупжан Жээнбековдун уулун белгисиз адамдар уурдап кетип, башын өзүнчө, денесин өзүнчө ээн талаага көмүп салышкан. Кылмышка шектүү
делген жаран түрмөдөн качып баратып милициянын огунан каза тапкан.

Сиздин пикир