Жумалиевден 20 миң доллар сураган адам Жапыкеевди тааныбай турганын айткан

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден финполдун кызматкери акча сураганы айтылып келген. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында  бул маалыматтар чындыкка төп келбейт. Депутат Кубанычбек Жумалиевге козголгон иш боюнча сотко чейинки тергөө иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев басылмаларга андан белгисиз адам Финансы полициясы тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотуш үчүн 20 миң доллар талап кылып жатканын жана бул атайын милиция кызматына кайрылган. Ошондой эле депутаттын билдирүүсүндө акча талап кылгандар Финполициянын жаңы дайындалган жетекчилеринин бири аркылуу кайрылып жатканын билдирген.

Бул факт бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 203-беренеси («Акча талап кылуу») боюнча катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. Ал эми акча талап кылган адам 20-декабрь күнү Жумалиевден 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Шектүү адам эч жерде иштебеген Бишкектин тургуну болуп чыкты.  Ал сурак учурунда Финполиция менен байланышы жок экенин билдирип, болгону акчадан кыйналып ушундай жолго барганын айткан.  Учурда бул адамдын мындан башка да алдоо коркутуу иштеир менен байланышы бар жогу такталып жатат.


Сиздин пикир