Жол кире 15 сомго көтөрүлөт…

Жүргүнчүлөрдү ташуучулардын ассоциациясынын башчысы Алтынбек Доспаев Бишкек шаарындагы коомдук унаадагы, анын ичинде кичи автобустардагы жол кирени кымбаттатууну талап кылды.

Ал бүгүн, 12-январда мэриядагы жолугушууда коомдук унаадагы жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлбөй жатканын айтты. Буга чейин бул маселе монополияга каршы күрөшүү комитети жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын макулдугу менен чечилчү. Бирок 2017-жылы бул функциялар алынган.

Доспаев жол кире жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коюларын билдирди. Ага вице-мэр Азизбек Алымкулов жооп берди.

«Силер элди ойлоону сунуштап жатасыңар. Макул. 40 жүргүнчү ташуучу компания тарифтерди көтөрүп, эл кыйналсын деп жатасыңарбы? Бизде көп балалуу үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары бар», – деди ал.

Алымкулов ассоциация тарифтерди оор убакта жогорулатууну талап кылып жатканын айтты.

«Эл карантинде отуруп, окуучулар эми гана мектепке барганы жатышат», – деди ал.

Башка жүргүнчү ташуучу компаниянын өкүлү айдоочулар да оор абалда экенин, пандемиядан улам көпчүлүгү жумуштан айрылганын айтты.

Башка жүргүнчү ташуучу компаниянын өкүлү жашоо кымбаттап жатканын белгиледи.

«8 жыл мурун солярканын баасы 22 сом болчу, бүгүн 36 сом. Ар күнү 10-20 тыйынга кымбаттап жатат, Унаа тетиктери, баары кымбаттап жатат», – деди ал.


Сиздин пикир