Жигитим мага жаңы жылда “аяшка” белек кылган

– Арстан кайда? Эмне үчүн силер келдиңер?

– Жама, сени туура кабыл алат деп ойлойбуз. Болгону өзүңдү карма, суранабыз.

– Бир нерсе түшүнсөм өлөйүн. Арстан менен бир нерсе болдубу?

– Жок, баары жакшы. Болгону…

– Эмне болгону? Айткылачы тез! Адамды эзип жибердиңер!

– Жүр биз менен.

Жаңы жылды чогуу тосмокпуз. Кафеде эки саат күтүп отурдум. Анан өзү эмес эки досу келди. Эмнегедир айылды көздөй жөнөдүк. Ишенесиңерби, башымда эч нерсе жок. Эмне деп ойлошту дагы билбей бараттым.

Арстан менен эки жылдан бери кыз-жигитпиз. Кантип эки жыл өткөнүн өзүбүз билбей деле калдык. Урушабыз, кайра жарашабыз дегендей. Тойлорго ээрчишип бара берип, дос-туугандарыбыздын мамилебизден кабардар болуп калган.

Быйыл баш кошуу тууралуу сүйлөшө баштаганбыз. Тоюбуз кайда өтөт? Кимдерди чакырабыз? Менин көйнөгүм кандай болот? Анын костюму кандай болот? Анан эч оюма келбеген окуя болуп кетти.

“Бизди кечир, мындай болуп кетерин кайдан билдик”,-деп, апасы тосуп алды. Казанда эт кайнап, жеңелер боорсок кесип жатыптыр. Баарынын көзү менде. Үйгө кирсем көшөгө тартылып турат. Төрдө ак калпак кийип Арстан отурат. Тиги ак жоолукчан кыз ким?

Унчукпай бары бош орунга отурдум. Мени тааныбган достору “алганың менен бактылуу бол”,-деп тост айтып жатышат. Менин көзүм Арстанда. Мени эч нерсе болбогондой карап коет. Тамагымдан эч нерсе өткөн жок. Жеңеси “чайдан алагой”,-деп чай сунду. Колумдан түшүрүп алдым. Баары мени карап калышты. Сыртка чыгып кеттим.

Шашып-бушуп бутумду кийип жатсам, апасы жаныма келди. Көзү жашылданып алыптыр. “Кызым, капа болбо. Бизди укпай койду. Келин алып келатам десе, сен экен деп ойлогонбуз. Башка бирөө экенин кайдан билдик. Уулум үчүн сенден кечирим сурайм.” Унчукпай чуркап кеттим.

Жолдо баратып ыйладым. Эмнеге мындай кылды? Экөөбүз сонун эле сүйлөшүп жүрбөдүк беле? Эмнеге? Эмнеге мага бир ооз айтып койгон жок? Мени катуу сүйөрүн айтчу эмес беле. Ошентип, жаңы жылда жигитим “аяшка” белек кылды.

Азыр жаңы жыл сайын бул окуяны күлүп эстейм. Ооба, башында кыйналдым. Бирок, апамдын “кызым, бул күндөр дагы өтөт” дегени чын болуп чыкты. Демек, ошондой болуш керек болчу дедим дагы, жаңы жашоого кадам таштадым. Арстандын жоругун сабак катары кабыл алдым. Ага бакыт тилеп, кое бердим. Бул жоругу үчүн мен эмес, тагдыр өзү жазалайт.

Азыр “свиданияга” баратам. Тигине сүйгөнүм бир кучак толо гүл кармап күтүп турат. Ой, чөнтөгүнөн кызыл коробка алып чыгып жатабы?!

http://Bilesinbi.kg


Сиздин пикир