Жеңем уулумдун аты аялымдын айылдагы сүйгөнүнүкү экенин айтты

Менин окуям кыска эле. Бирок, баары бир силер менен бөлүшкүм келди. Балким, он адамга болбосо дагы, бирөөнө пайдасы тиер.
Азыр мен мурдагыдай адам эмесмин, жүз градуска өзгөрдүм. Өз көзүм менен көрмөйүн, же ал адамдын өзүнөн сурамайын ушактарга такыр ишенбейм. Андыктан, “ой, чын”, -деп, мага бекер убакыт коротпогула. Деги эле ушак башталса, сыртка чыгып кетем. Ушундай көңүлүм калды. Келинчегимди катуу сүйөм. Аз жерден акмактык кылып аны жоготуп ала таштадым. Убагында эсиме келип, кечирим сурадым.
Аялым баланы көтөрүп жүргөндө “аты ушундай болсунчу”, -деп, бир ысымды койгусу келип жүргөн. Тогуз ай түйшүк тартып көтөрүп, кыйналып толготуп, мотурайган бала төрөсө, анан кантип жок дейм. “Баары сен каалагандай болот”,-дедим. Уулдуу болгонумду сүйүнчүлөп айылдагы апамдарга жөнөдүм. Келинчегим менен айылдаш болгон бир жеңем бар. Үйгө кирип барсам, ошол конокко келген экен. Чынын айтсам мага жага бербейт. Ар нерсеге кийлигишип, бирөөнүн ишине мурдун тыкканды жактырат. “Атын ким койдуңар”, -деди. Келинчегим өзү ат койгонун айттым. Апам: ” Туура кылдың уулум. Баланы жарык дүйнөгө алып келиш оор, азаптын баарын аял көтөрөт. Андыктан, каалаган атын койсун.

А биз неберебизди кандай болсо, ошондой жакшы көрөбүз.Ошол маалда жеңем, “ай, ал жанагы биринчи сүйгөнүнүн аты го, айылдашыбыз болот ал дагы”,-десе болобу. Кызганычтан өрт болуп чыктым. Дароо төрөтканага жөнөдүм. Келинчегим араң басып сыртка чыкты.
– Эмнеге сен сүйгөнүңдүн атын балабызга коесуң.
– Түшүнбөдүм.
– Жеңем айтты, айылда жүргөндө бир жигит менен сүйлөшчү, ошонун аты деп.
– Уулума мени багып чоңойткон, ыраматылыкктаятамдын атын койгом. Ооба, айылдашыбыз бар болчу. Ал менин аркаман чуркап жүрчү. Бирок, мен анын сезимдерин кабыл алган эмесмин. Таятамдын аты ушундай экенин сага айткам. Эсиңден чыгып кетсе, мен күнөөлүү эмесмин. Жеңеңе ишенсең, бул жакка келбе. Кирип кетти. Тууй ата, чын эле таятасынын аты ушундай эмес беле.

Күн сайын барам чыкпайт. Катуу таарынтып алдым. Тиги жеңем болсо, эртеси чалып, “ай сүйгөнү деп коем, артынан чуркаган жигит”, -деп жымыңдады. Телефонду басып койдум. Апаман катуу уруш жедим. Бир жолу кетпей жатканын палатасынын терезесинин түбүнө отуруп алдым. Улам чыгып карап коет. Түн кирди. Тоңуп отура бердим. Мен ушуга татыктуумун. Акыры форточканы ачып, “мен шоколад жегим келип жатат”, -деди. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. “Азыр, жаным”, -деген боюнча дүкөнгө чуркап жөнөдүм. Эми эч качан таарынтпайм.

Сиздин пикир