Жапаров: Биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бергем

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулар боюнча кайрылуу жасады, анда арачыларга биринчилерден болуп ок чыгарбоо үчүн катуу көрсөтмө бергенин айтты. Себеби, жаңжал уланып кеткенде эки тарап тең чоң жоготууга учурамактыгын билдирди.Бул тууралуу Клооп.кж сайты жазып чыкты.

«Кыргызстандын чегинен чыкпоого, биринчи болуп ок атпоого бекем көрсөтмө бердим. Себеби чатак ырбаса, эки тарап тең мындан чоң жоготууларга учурамак, жүз миңдеген үй-бүлөлөр кайгы-муңга бөлөнмөк. Ушуну элибиз туура түшүндү деп ойлойм.

Кудай жалгап эки тарап кандуу согушту токтоттук. Кагылышуу дагы канча убакытка уланмак, бир Жараткан билет», — деди ал.

Жапаров андан сырткары ар бир чарчы метр жери үчүн жан аябай салгылашкан жоокерлердин эрдигине башын ийип таазим этерин кошумчалады. Андан сырткары 12 жашар өспүрүмдүн өлүмүнө кайгырып, ичимен кан өтүп турганын да белгилеген. Президент ошондой эле, чатакты токтотуунун бир гана жолу — дипломатиялык жол болгонуна токтолду.

«Мен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки ирет сүйлөштүм.

Чатакты ырбатпоо үчүн чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар ортосундагы иштин натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлду», — деди ал.

Өлкө президенти өз кайрылуусунда чагымчылар сырткы күчтөрдөн дагы коркунучтуу экенин унутпоого чакырган. Жапаров мындан ары чыр-чатакка жол бербөө жана анын алдын алуунун альтернативдүү жолун сунуштады.

«Мындан ары жаңжалды алдын алуу максатында коңшу же аралаш жашаган айылдарда эки тараптын сыйлуу аксакалдарынан, урматтуу адамдарынан турган тынчтыкты сактоо комиссиясын түзүүнү сунуш кылып жатам», — деди ал.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу ок атууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу билдирүү жасап, бирок макулдашуу аткарылган эмес.

1-майда эки тараптын УКМК башчылары жетектеген өкмөттүк комиссиянын мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди туруктуу жайгашкан ордуна алып кетүүнү макулдашкан. Ошондой эле, тараптар «максаттуу макулдашууга жетишкенин» жана төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын айтышкан.

Бирок эки өлкөнүн УКМК башчылары протоколдун мазмунун ачык айтышкан эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 3-майда саат 11:00гө карата 35 адам каза таап, 184 адам жаракат алган. Жаңжал чыккан аймактан 33 388 Кыргызстандын жараны эвакуацияланган, алардын ичинен 19 142си жаш балдар.

ӨКМдин маалыматына таянсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалында 78 турак үй жабыркаган. Ошондой эле, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир бала бакча, милициянын имараты, үч чек ара өткөрмө бөлүгү, он май куюучу жай жана сегиз дүкөн өрттөлгөн жана талкаланган.

Тажик тараптан дагы жабыр тарткандар бар. Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза тапкан. Тажикстандын бийлиги чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыр тарткандар жана кыйраган имараттар тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Кыргызстанда 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыяланган.

3-майга карата Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасына чукул жайгашкан айылдарда акыбал туруктуу. Бул тууралуу ИИМ кабарлашкан. 3-майга караган түнү ок атышуу жана башка окуялар катталган эмес.


Сиздин пикир