Жанар Акаев: “Бийликке сын айткандарды жердин жети түбүнөн таап, ачыкталган унааны сутка издедиңер”

Уурдалып эки суткадан кийин сөөгү табылган Айзада тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев күч органдарын күнөөлөп, генералдык наамды көтөрүп жүргөндөргө уят экенин жазып чыкты.

“Айзаданын өлүмү бүт өлкө үчүн трагедия.
Маңкурттардын зордук менен кызды ала качкан видеосу эки күн мурун желдей тарады, машиненин номери даана көрүнүп турат, кызды уурдоо фактысына ыкчам чара көрүлүш керек эле! Бирок бүгүн гана милиция жергиликтүү чабан телефон чалганда араң барыптыр, ага чейин ыкчам жетип барып, гүлдөй өмүрдү сактап, зөөкүрлөргө жаза берип, аны көргөндөр экинчи мындай кылмышка баралгыс болушу керек эле. Коопсуз шаар бул бир эле айыппул үчүн эмес, жарандардын коопсуздугу үчүн биринчи кезекте! Дегеле керек болсо борбордо жашоо өзү кооптуу болуп калды, уурулук, тоноо кескин күчөдү, табылбайт көбү. Түрмөлөрдөн кылмышкерлер улам амнистия менен чыгып жатат.

Кызыгы, күч органдары бийликке сын айткандарды жердин жети түбүнөн таап чыгасыңар, бийлик болсо генералдык наамдарды тагып жатат бат баттан. Чырактай кыздарды чак түштө өлтүрүп жатса, генералдык наамды көтөрүп жүрүү туурабы?

Элдин талабын Жогорку Кеңеште талап кылабыз сөзсүз”—деп кейиштүү жазган Акаев.


Сиздин пикир