Жакын досум аялыма кымбат белек алып бергенин көрүп таң калдым

Эки жыл мурун Жогорку окуу жайда  окуганда бир жакшынакай кыз менен таанышып калдым.Экөөбүз 2 жыл кыз-жигит болуп жүрүп анан үйлөндүк.Кудайга шүгүр баары жакшы.Бир балалуу болдук.Жакында эле аялымдын туулган күнү болгон.Анда баардык  жакын досторубузду чакырып белгиледик.Бир досум бар өтө бай, жеке бизнеси бар, бир сөз менен айтканда акчалуу адам.Ал болсо аялыма айфон 12  туулган күнүнө белек кылды.Ушунча кымбат белекти көрүп алып аябай таң калдым.Чынында айтканда кичине аялымдан уялып калдым.Анткени менде анча акча жок мен жөнөкөй эле үй-булөдөнмүн.Зарплатам болгону 20 миң сом.

Анан туулган күн  бүткөндөн кийин келинчегиме: “Асель жаңы телефонуң кут болсун.Мен сенден аябай уялып жатам.Мен сага андай баалуу нерселерди алып бербегеним үчүн”-деп айтсам.Ал болсо: “Самат бул эми  жөн эле телефонда,мага акча,мындай кымбат телефондор кызыкпайт.Ушундай күйөөгө миң мерте шүгүрмүн-деп мени кучактады.Ошол маалда мен ушундай өзүмдү бактылуу сездим.Кудайыма шүгүр дейм ушундай жакшы келинчегиме.


Сиздин пикир