Дөөлөт Сыдыков эми Ошто 3 күн, 3 түн манас айтат

Айтылуу манасчы Дөөлөт Сыдыков 3 күн, 3 түн тынымсыз Сулайман тоонун чокусунда манас айтат. Бул тууралуу манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенова социалдык тармактардагы баракчасына жазды. Иш-чара жаз айларына пландалууда.

“Негизи Ошто манас айтууну уюштурууну буга чейин эле ишке ашырсак деп пландап келгенбиз. Өткөн жылдын 12-ноябрында Сыдыков манас айтканда, Оштон көпчүлүк манас сүйүүчүлөр келип, улуу дастанды уга албай калышкан. Анын үстүнө Ош байыркы, ордолуу шаар, анда касиеттүү Сулайман тоо жайгашкан. Буюруса манас Сулайман тоодо жаңырат”, – деди Окено


Сиздин пикир