ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ЖАШ МИНИСТР

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң жаш министр — 22 жаштагы Шамма бинт Сухаил Фарис Аль Мазруи. Ал 2016-жылдын февралында Бириккен Араб Эмиратынын вице-президенти Мухаммед бин Рашид Аль Мактум тарабынан жаштар министри болуп дайындалган.

Шамма Аль Мазруи 2015-жылы Оксфорд университетин аяктап, коомдук саясат багытында магистрдик даражасын алган. Ал буга чейин Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинин экономика тармагында бакалавр даражасын бүтүргөн.

Бириккен Араб Эмиратынын өкмөтүнүн маалыматында, жаш министрдин милдетине министрлер кеңешинде жаштардын маселелери, кызыкчылыктары, үмүт-тилектерин билдирүү, алардын потенциалын туура колдонуу, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө стратегия жана пландарын түзүү кирет.

Жаш курагына карабай Шамма Аль Мазруи Абу-Дабидеги көз карандысыз «Private Equity» фондунда, министрлер кабинетинде, Бириккен Улуттар Уюмунда БАЭдеги мамлекеттик саясат боюнча аналитик катары зор тажрыйба топтой алган. Шамма, ошондой эле, БАЭнин Вашингтондогу элчилигинде мамлекеттик саясат боюнча изилдөөчү-аналитик катары да өзүн көрсөтө алган.

“Мен кичинекей кезимен бери кайсы тармакта болбосун элимдин кызматында болууну каалачумун. Эгер чыныгы каалоо болсо, мүмкүн болбогон эч нерсе жок экенин түшүндүм. Ата-бабаларыбыз эмгек, биримдик менен чөлдү гүлдөгөн мамлекетке айландырышты. Эми өлкөнү мындан ары өнүктүрүү биздин милдетибиз”, — дейт Шамма Аль Мазруи.

Европада саясатчынын орточо жашы – 55, Россияда-48, Америкада – 51, ал эми Кыргызстанда да – 51. Кыргызстанда эң жаш министр 37 жашта. Юстиция министрлигине Уран Ахметов 1 жыл мурун 36 жашында дайындалган.

Булак: UMMA

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу