Депутаттардын айлыгын 5 миң сомго чейин төмөндөтүү сунушталды.Бирок Жогорку Кеңеш өткөрбөй жатат

 

Депутат Дастан Бекешев депутаттардын айлыгын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу ал жеке баракчасына жазды:

“Мен депутаттардын, өкмөт башчынын жана президенттин айлыгын жашоо минимунума чейин кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун демилгеп жатам. Бул калыс болот. Бирок Жогорку Кеңеш өткөрбөй жатат. Бул тамагына, кийим сатып алууга жана салыктарын төлөөгө жетиштүү эле болот. Болгону 5 миң сом кыскартылат экен. Менин демилгем айрымдарга жакпай калышы мүмкүн”, – деди Бекешев


Сиздин пикир