Дастан Бекешев: “Эми өкмөттүн катасы үчүн президентти урушабыз”

5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коет. Бул тууралуу  депутат Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда:

“Конституция расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Өкмөт отставкага кетет. Президент министрлер кабинетинин төрагасын жана өкмөт мүчөлөрүн парламенттик шайлоого чейин милдетин аткаруучу дайындайт.  Бул конституция президенттин өзүнө дагы көйгөйлөрдү жаратат. Өкмөттүн ар кандай катачылыгы үчүн биз президентти урушабыз. Курулуп бүтө элек мектеп же жол үчүн президент жооп берет”, – деди ал.


Сиздин пикир