Дастан Бекешев: “Конституцияны кабыл алдык, эми өлкөдө башаламандык башталат”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен кыргызстандыктардын жашоосуна мыйзамсыздык жана башаламандык башталарын ырастады.  Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Конституция кабыл алынды, эл жакшы өзгөрүүлөр башталат деп ойлоп жатат. Бирок мен сиздерди капа кылгым келет: жакында мыйзамсыздык жана башаламандык болот. Жазалоолор башталып жатат. Президент Садыр Жапаров Конституцияны кабыл алууга чакырды, сиз болсо колдодуңуз.  Эми 300гө жакын мыйзамдарды алмаштыруу же өзгөртүү керек. Биздин өкмөт оңой жолду тандап, бир катар мыйзамдарды жоюп, гильотина принцибинде мыйзам актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө мыйзам иштеп чыккан. Алар конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарды, бюджет жөнүндө, мунапыс жөнүндө мыйзамдарды кошпогондо, бардык мыйзамдарды, мыйзам алдындагы актыларды, президенттин жарлыктарын жокко чыгарууну каалашат. Көптөгөн мыйзамдар күчүн жоготот “, – деди депутат.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир