Гуля Алмамбетова: “Эшикте -12. Жылуу кийинген чиновниктер,үшүгөн окуучу кыздарды ойлогон жок”

Салык кызматынын ордунда ачылган “Ак кеме” бала бакчанын ачылышы болду. Анда күндун суугуна карабай фольклордук топтун өспүрүм кыздары жука улуттук кийимдер менен сыртта турушкан. Ал эми ачылышка келген коноктор болсо жылуу кийим менен лентаны кескендеги сүрөт коомго талкуу жаратты.
Ачылуу аземиндеги сүрөттөн Бишкек шаардык кеңешинин (БГК) төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев жана Биринчи Май районунун акими Максат Нусувалиев катышканы белгилүү болду.
Ал эми бул сүрөттөн кийин кыргызстандык жарандар коронавирус коопту болуп турганда мэриянын мындай ыкмага жол бергенине нааразычылыгын билдиришкен.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир