ВИДЕО- Чүйдөгү майып балага аялдардын ич кийимин белек кылышты

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу, майып баланын энеси Гүлмира Турдугулова Ибраимов айыл өкмөтүнөн алган белегине нааразы болду. Ал белекти таңгактан чыгаргандыгы боюнча видео обзор жарыялады.

Видеодо пакетке печенье, конфеттер менен кошо аял кишинин ич кийими салынганы көрүнүп турат. Баланын апасынын айтымында, көйнөк эски, кийилген экен.

“Нурсултанга жаңы жылдык белек берилген. Төрт жылдан бери мындай көрүнүштөгү белекти биз биринчи жолу алып жатабыз. Белекти биринчи көргөндө эле ачпай туруп ачуум келди. Себеби пакет эски, кир болчу. Ал эми белектин өзү жөнүндө эмне дешти да билбейм… Эң биринчи белектин баалуулугу эмес көңүлдү алуу керек. Мындай көңүл алуусу жөн гана шылдың!”- деп жазган аял.

https://www.instagram.com/p/CJtjRTig9Ha/?utm_source=ig_web_copy_link


Сиздин пикир