БШКнын алдында ачкачылык жарыялаган жаранга тез жардам чакырылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанындагы ачкачылык жарыялагандардын бири ооруп калды, ага тез жардам чакырылды. Бул тууралуу акциянын дагы бир катышуучусу, Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев фейсбуктагы аккаунтунда жарыялады. Анын айтымында, ден-соолугуна байланыштуу демонстранттардын бирине дарыгерлер ачкачылыкты улантууга тыюу салган. “Бирок, ал нааразычылыгын токтотуудан баш тартты”, – деп жазат Манапбаев.

Эскерте кетсек, 12-апрелден бери Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон партиялардын өкүлдөрү БШКнын имаратынын жанында нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгын жарыялап, “баарына бирдей шарттар” камсыз кылынышы үчүн кайрадан шайлоону талап кылышууда.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир