Бишкекте эне өз уулун өлтүрүп салды

Бишкек калаасында уулун бычактап өлтүрүүгө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Шаардык патрул кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, кече  кечки саат  20.05 чамасында милиция кызматына чакырык түшкөн. Анда шаардын Каракум көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде  бычактан жаракат алган эркек  жатканын кабарлашкан. Милиция барганда үйдө бычактан жаракат алган 41-жаштагы жаранды тез жардам кызматы алып кетип жаткан. Тилекке каршы жаракат оор болгондуктан ооруканада эсине келбей көз жумган.

Ал эми кылмышка шектүү делип маркумдун 62-жаштагы энеси кармалды. Окуяга чейин аял уулу экөө ичимдик ичип отурушкан. Кызымтал болуп калганда уулу экөө келише албай калып уруштан улам уулун бычактап, мууздап салган.

Учурда шектүү убактылуу камоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.


Сиздин пикир