“Биримдикчилер” Турганбаев менен Капаров бийликтен кызмат алышканда…

Каргашалуу өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясына Оштон Жылдызбек Турганбаев менен Талант Капаров ийгиликтүү иштеп беришкени маалым. “Буттары үзүлгөнчө чуркашкан” дейт. Эмгектеринин акыбеттери кайтыптыр. Жаңы жылдын алдында Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге орун басар болсо, Талант Капаров Бишкектин троллейбусун тейлөө башкармалыгынын башчылыгына дайындалат. Бийлик алмашып кетсе да экөөнүн “крышасы” Акүйдө экени таңгалдырууда. Оштун 1- вице-мэрлигине дайындалган Турганбаев өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев менен түз сүйлөшөрүн айтып, мактанып жүргөнү кандай?
“Азия Ньюс” гезити

Сиздин пикир