Баштыкка салынган адамдын сөөгү табылды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери адам өлтүрүүнүн бетин ачышты.
ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 11-январында саат 08:40 чамасында 102 кызматына Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында жаткан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Ошол замат Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөп кетишкен, ал жерге келгенде зордук-зомбулук көрсөткөн өлүм белгилери менен болжол менен 60 жаштагы адамдын сөөгү табылган.
Бул факт Свердлов районунун ИИБнын EРПП катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды, тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалды.
Свердлов райондук ИИБнын жана Бишкек шаардык ИИББнын криминалдык полиция кызматынын ыкчам кызматкерлери адам өлтүрүүнүн болжолдуу версияларын иштеп чыгууга киришти, ал жерде жүргүзүлгөн комплекстүү издөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошондой эле видеобайкоо камераларынын жардамы менен сөөктүн башка жактан алынып келингендиги белгилүү болду.
Учурда табылган сөөктүн өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү тергөө иштери жана ыкчам-изилдөө иштери улантылууда.


Сиздин пикир