“Аялым он жыл бою мени зордуктады”

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук дүйнөдөгү кейиштүү көйгөйлөрдүн бири. Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө аялдардын үчтөн бири зомбулукка кабылат.

Ошол эле учурда үй-бүлөлөлүк жана жыныстык зомбулукка кабылган эркектер дагы бар. Алардын саны аз, бирок эркектер зордук-зомбулукка кабылганын ачык айтып чыгуудан тартынганы үчүн бул статистика кыйла жогору болушу ыктымал.

Украиналык жаш жишит Би-Би-Сиге маек куруп, өз окуясын айтып берди. Анын аты-жөнү жашыруун калды. Психологдор окуядагы айрым учурларга көңүл бурууга чакырат.

Биринчи сүйүүм

Эң жакын досторум дагы эмне болуп жатканын билген эмес. Баары жакшы көрүнгөн эле: акчабыз көп, жумушубуз бар, өзүбүзгө ишенген, дүйнөнүн жарымын кыдырган жаш үй-бүлө болчубуз.

Көчөдө жүргөндө эчтекеден корккон эмесмин. Бирөөнүн көзүнчө аялым кол көтөрбойт эле. Бирок үйдө жалгыз болгондо, көчөдө жылмайып жүргөн аялым тез эле өзгөрүп кетчү. Бир күнү мурдагы аялым он жыл бою мени зордуктап жүргөнүн түшүндүм.

Ира менин биринчи сүйүүм эле. Ага жыйырмага жаңы чыкканда жолуккам. Ата-энем бирөө менен сүйлөшүп баштаганда үйдөн көчүп кетишиң керек деп айтышты. Ира менен сүйлөшүп калгандан кийин ата-энемдин үйүнөн көчүп кетүүгө аргасыз болдум.

Анын үстүнө өзүмө болгон ишенич жок эле. Апам дагы мени балам деп айтуудан уялчу, өзүмдүн келбетимди жактырган эмесмин. Ошондуктан Ира менен сүйлөшүп калганым үчүн өзүмдү бактылуу сездим. Бирок экөөбүздүн ортобуздагы жыныстык катнашты жактырган эмесмин. Ал мени уруп, айрым учурда каалабасам дагы “эркек болчу” деп айтканымды укпай, мени зордуктайт эле.

Жумушумдан командировакага узак мөөнөткө жөнөтүп турду. Ираны жоготкум келбей, ага үйлөнөлү деп сунуштадым. Ал мага күйөөгө чыккан жок, бирок командировкага чогуу барып турду. Иштен чарчап келгениме карабастан Ира жыныстык канташты каалап, мен жок деп жооп берсем, мени уруп, “эркек болгун” деп кыйкырат эле.

Мен эчтеке кыла алган жокмун. Жатып алсам тырмактары менен канагыча тытып, көкала кылып уруп турду. Бетиме тийчү эмес, себеби башкаларга көрсөткүсү келген жок. Мен артка жооп кайтарган эмесин. Ата-энем аял кишиге кол көтөрсө болбойт деп тарбиялаган. Айрым күндөрү иштен кайтып келүүдөн корктум. Үйгө кеч келүү үчүн көчөнү кыдырып жүрө берип, ооруп калган күндөр дагы болду.

Ираны таштап, ата-энеме кайра көчүп барууга дагы аракеттендим. Бирок бул дагы Ираны токтоткон жок. Урушуп кеткенибизге карабай, ал үйүмө чейин издеп келип, кечирим сурап, мени алдап кайра жарашат элек.

line

Кандай болсо дагы жалгыз болуудан коркчумун. Канча жолу мамилебизди үзүүгө аракеттенгениме карабастан кайра эле чогуу жүрүп калдык. Бир урушуп, бир жарашып жүрүп Ира экөөбүз үйлөндүк.

Ал баарына, досторум, үй-бүлөмө кызгана берди. Көчөгө чыксам видео аркылуу чалып, эмне кылып жатканымды айтып турушум керек эле. Досторум менен отурсам дагы көп учурда аны менен телефон аркылуу сүйлөшүп калчумун.

Бир нерсени жактырбаса эле, дароо кол көтөрүп, кыйкырып, маселени өзү каалагандай чечип алчу. Ишке барбай, толугу менен мойнума отурду. Бир күнү унаада отуруп алып ыйлап жатканымды көрүп, Ира кечирим сурады, бирок “мен өзгөрө албайм” деп айтты. Эртеси күнү кайра уруп, тепкилеп көкала кылды.

Албетте, мен дагы эң мыкты күйөө болдум деп айта албайм. Үйгө келүүдө качып, айрым учурда 14 саат бою баш көтөрбөй иштеп отуруп алат элем. Майрам күндөрү, дем алышта деле ишке чыктым. Зомбулукка кабылган айрым эркектер арак ичет экен, мен токтобой иштедим.

Зомбулукка кабылганда эмне болуп жатканын деле түшүнбөйсүң. Анын кутулуу жолдорун деле ойлонбойсуң. Үмүт үзүлгөн адамдай эле чыдап жүрө бересиң.

Күз мезгилинде катуу тумоолоп калдым, дене табым көтөрүлүп эки апта бою кыйналып жаттым. Ошол учурда мага эч ким чалган жок. Тынбай иштегениме карабастан жумуштагы кесиптештерим байланышкан жок, ата-энем, туугандарым же досторум акыбалымды сураган жок.

Ошондо эч кимге деле керегим жок экенин түшүндүм. Өлүп калсам деле эч ким байкабай калат го деп ойлодум. Өзүмө жийиркенип турганда бирөөгө баарын айтып бергим келди. Интернетти чукулап отуруп, аты-жөнүн сурабаган платформаны таптым. Ал жерге окуямды жазып, кандай кыйынчылыктарга туш болгонумду аңдай баштадым. Ошол учурда деле башымдан өткөндөрдү “зомбулук” деп атаган эмесмин, бирок аны токтотуу керек деген чечим кабыл алдым.

Башында жубайыма кичинекей нерсе болсо дагы “жок” деп айтуу татаал болду. Бара-бара ага көнүп, үй-бүлөлүк психологго кайрылдык. Бул дагы чоң жардам болду. Себеби биринчи жолу ичимде катып жүргөн ойлорумду айта алдым. Психолог бирөөбүз сөзүн жыйынтыктагыча экинчибизди угуп турууну талап кылат эле. Ира ар бир сөзүмдү аягына чейин угууга аргасыз болду.

 

Дал ушул учурда биринчи жолу зомбулук тууралуу сөз кылдым. Ира ачууланып, кыйкырып, мени “калпычы” деп атады. Жада калса азыр барып ажырашалы деп айтты. Бирок ал ажырашууну каалаган эмес, бир гана мени тынчыткысы келди. Кайра дагы мүмкүнчүлүк болбой калаарын түшүнүп, “макул, ажырашалы” деп жооп кайтардым.

Тийиштүү мекемеге барсак кезек көп экен, башкасына баралы деп чечтик. Ичимден аягына чейин чыдагын, зомбулуктан кутулушуң керек деп айтып жаттым.

Бир айдан кийин ажырашуу боюнча кагазарды алганымда, өзүмдү бактылуу сездим, көтөрүп жүргөн чоң жүктөн кутулгандай болдум.

Ажырашкандан кийин деле ал мага байланыша берди. Мен чыдабай, “сен мени зордуктадың” деп кыйкырдым. Ал мага “мен сени зордуктадымбы? Эмне экен ошондой болсо” деп жооп берди. Буга эмне деп жооп беришимди азыр деле билбейм. Ира бир четинен жыныстык зомбулукка барганын мойнуна алды, бирок буга каткырып күлүп дагы койду.

Ажырашкандан кийин ата-энемдикине көчүп келип, жумуштан кеттим. Бир нече жума бою үйдөн чыкпай отурдум. Ира аңдып жүргөндөй сезилди. Балким мурдагыдай мага байланышып, кайра алданып каламбы деп дагы корктум. Бир күнү ал үйүмө келип, эшикти тепкилеп, бир нече саат бою кыйкырып турду. Апам мага жүгүрүп келип, коркуп жатканын айтты. Мен аргасыздан жылмайып, “апа, бул эчтеке эмес” деп соороттум.

Башымдан өткөндөрдү досторума кантип айтуунун дагы жолдорун издедим. Украинада зордук-зомбулукка кабылган аялдарга гана колдоо көрсөтүлөт. Интернетте издеп жатып АКШда бир тобун таптым. Алар эркектерге колдоо көрсөтөт экен.

Бул боюнча психологго кайрылсам, ал мени шылдыңдап салды. “Мындай болушу мүмкүн эмес, сен эркексиңби же эмнесиң” деген сөздү угуп, офистен чыгып кеткен учурлар болду. Алты жолу психологду өзгөртүп отуруп, акыры мыкты адисти таптым. Ал сегиз ай бою мага жардам берди.

Келечекте үй-бүлө кура аламбы, бирөөгө ишене аламбы, билбейм. Бирок көп жылдар бою унчукпай жүргөнүмө ачууланам. Эгерде бул окуяны окуп жатып, мен дагы кыйналып жатам деген эркектер болсо зомбулук токтобойт, ал өзгөрбөйт, аягында өлүмгө алып барат деп айткым келет. Муну түшүнүп, чечкиндүү кадамга барып, психологдон жардам алуу керек экенин белгилейм.


Сиздин пикир