Атамбаев чукугандай тапкычтыгы менен Сокенин “масаласын” чечкени калыптыр

 

Өткөн жумада Сооронбай Жээнбековду “бок-сакка” теңеген Алмазбек Атамбаевдин түрмөдөн жазган каты коомчулуктун бүйүрүн кызытты. “Куп гана жазыптыр” дешип, көпчүлүк катмар биринен сала бирине айтышып, Ала-Тоонун ичине аңыз болуп кетти. Куйкум сөзүн, чукугандай тапкычтыгын коомчулук сагынып калыптыр… Маселенин төркүнүнө келсек, ал катта Атамбаев “эски досунан” өч алууга кызыкпаганын билдирген. Бирок, түрмөдөн аны менен сүйлөшкөн адамдын баамына караганда, тамаша али алдыда экен, эй! Атамбаев ооруканага которулуп, эң оболу ден соолугун чыңдап алса, андан кийин Сокенин “масаласын” чечерин эшиттик. Күтүүсүздөн сокку жасап турары, маал-маалы менен кан ойноткон билдирүү, маектерин берери, аягы барып түрмөгө тыгарын ишенимдүү булак айтып берди. Бул жагынан Атамбаев эч шек санабай, кылмыш иштерин өзү көтөрөрү ыраспы? Эмесе, биз капастагы “Кабыландан” мындан ары да маалымат алганга аракет кылмакчыбыз…

 “Азия Ньюс” гезити


Сиздин пикир