Атамбаев Равшан Жээнбековун Кыргызстанды кантип тоногонун айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн,  15-мартта Афганстан Ислам Республикасынын, Индиянын, Кот-д’Ивуар Республикасынын, Латвиянын, Эфиопиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен  Ишеним баракчаларын кабыл алып жатып саясатчы Равшан Жээнбековду шыбап өттү.

“Жаңыдан эгемендүү болуп, алсырап жаткан өлкөбүздү Акаич менен кошо тоногон Равшан Жээнбеков коргойт экен да кыргыздарды? Ушул сасык саятсатчыларга кантип ишенесиңер, урматтуу журналисттер?”-деди президент.

Эми булар “круглый стол” өткөрөт имиш деп каарданган өлкө башчы Жээнбековдун огородуна таш ыргытты.

“Мындайлар менен абийирдүү адам бир столго отурмак түгүл, алысырак басып кетет, теңелбейин деп, ичинен башын чайкап тим болот. Бул маңкурттар “ичинен башын чайкап” дегенди да “покачал головой в животе” деп бизди айтты деп сотко берет эми мени”,-деди Атамбаев.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу