Атамбаевдин тиши ооруп жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча сот процесси бул жолу да жылдырылды. Судья айыпталуучулардын баш коргоо чарасын эки айга узартып койду.

Жолдубаеванын айтымында, Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров айыпталуучулардын баш коргоо чарасын эки айга узартып койду. Иштин фигуранттарынын катарында Алмазбек Атамбаевден тышкары Албек Ибраимов, Аскарбек Шадиев, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева жана башкалар бар.

Анан да айта кетсек, Жолдубаева Атамбаевдин тиши ооруп жаткандыктан бүгүн стоматологиялык клиникага кайрылууга мажбур болгонун кошумчалап өттү.

Булак: AibekNur.kg


Сиздин пикир