Аскар Алмаз уулу: “Кыздын сөөгү табылмайынча милиция кызматкерлери издеген жок”

«Эмне үчүн милиция эч кандай чара көргөн жок?» – деп Айзаданын өлүмү боюнча “Наш народ” саясий партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу  Ички иштер министрлигинин министрине кайрылды.

Анда кызды уурдап кеткенине эки сутка болгончо коопсуз шаардын видео камералары туруп, эч кандай ыкчам чара көрбөгөнүн айтып, көйгөйлүү маселени көтөрүп чыкты.

“Ассалому алейкум, азыр мен Ички иштер министирине кайрылгым келип жатат. Ошондой эле криминалдык милиция кызматкерлерине де тиешелүү. Массалык маалымат каражаттары кече уурдалып кеткен кыздын сөөгү Арашан айылында табылганы тууралуу жазып жатышат.

Эмне үчүн мыкаачыларга милиция тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Дагы канчага чейин ушундай абал созулушу керек. Эч кандай кармоо планы уюштурулган эмес. Мен өзүм кече шаарда жүрдүм бир да милиция кызматкерин байкаган жокмун. Бир да милиция кызматкери мени токтоткон жок. Мындай учурда алар тыкыр караш керек эле.

Мен ИИмдин баардык жетекчилерин,  өзгөчө Бишкек шаардык милиция башкармалыгын, криминалдык милициянын жетекчисин  жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Анткени алардын жоопкерчиликсиздигинен улам эки адамдын өмүрү кыйылды. Баарыбыз билебиз терезени караңгылатуп алуу же башка рейттерде катарлаш туруп карайсыңар, ал эми адам жоголсо силерде бир да кыймыл болбойт. Кыздын өлүмүнө себепкер болгон адамдарды милиция кызматкерлери таппаса биз баарын таштап салып аларды издегенге чыгууга даярбыз. Ал кыздын ордунда ар бирибиздин энебиз, карындашыбыз, эжебиз болуп калышы мүмкүн. Милиция кызматкерлери издеген эмес”-дейт видео кайрылуусунда.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир