Качып кеткен Аскарбек Шадиев камалат

Аскарбек Шадиевди табуу максатында УКМК АКШ элчилигине расмий кайрылуу жасап, табууга көмөктөшүүнү суранды.Бул маалыматты УКМК кабарлады.

Маалыматта, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү берилди. Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. Буга чейин Аскарбек Шадиев АКШга качып кеткени белгилүү болгон. Кээ бир социалдык тармактарда анын америкадагы түшкөн сүрөттөру да чыгып келген.
Буга чейин Аскарбек Шадиевге Интерпол тарабынан эл аралык издөө да жарыяланган эле.

ARGUMENT.KG


Сиздин пикир