Арстан Алай: “Жээнбеков кулап калганда аябай өкүндүм”

Өзүн Кудай деп жүргөн Арстан Алай экс-президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу пикирин  КТРК телеканалында билдирди:

“Сооронбай Жээнбековдун кете турганын буга чейин айтып чыккам. Доордун талабын билбейсиң, 2020-жылы сезонуң бүтөт деп маалымат жыйында айткам. Ошондо бийлигиңди тынчтык жолу менен өткөрүп беришиң керек, болбосо аркасы кайгылуу болуп каларын кабарладым. Ал адам мени пенде катары көрүп койду. Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткенде өкүндүм. Мага эмне кылышым керек дегендин ордуна иш козгогон. Арстан Алайды мазактагандар маскара болот дегендей кулап түштү”, – дейт Арстан Алай


Сиздин пикир