Анжелика кырсыктаган унаанын сүрөттөрү жарыяланды

Анжелика кыздары менен 23-январда 7:00дө Бишкектен Караколго бара жатып жол кырсыгына кабылган. Алардын унаасы Түп районунун Балбай айылында тайгаланып, жолдон чыгып кеткен.

ырчы айымды Түп районунан Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен. Бүгүн, 24-январда ага чукул операция жасашты. Операцияны Сабырбек Жумабеков жасаган. Ырчыга омурткасы жана тизе мууну жабыркады деген диагноз коюлган. Учурда ал наркоздун таасиринен чыгып жатат.

Жабыркаган омурткасы калыбына келтирилди жана абалы туруктуу.

Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.

“Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок”, — деди директор.

«Lexus 570» унаасын Анжеликанын курбусу Асель Ж. башкарып бара жаткан. Унаада Анжеликанын 2 кызы келе жаткан.

Участок дороги, где предположительно произошло ДТП

Участок дороги, где предположительно произошло ДТП

Автомобиль «Лексус LX570», на котором Анжелика Кайратова вместе с подругой и дочерьми попали в ДТП

Автомобиль «Лексус LX570», на котором Анжелика Кайратова вместе с подругой и дочерьми попали в ДТП


Сиздин пикир