Анжелика: “Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз деген билдирүүлөр келип жатат”

“Ким үн катса ошого асылмай экен да. Эгерде сураса мен наамды берем дедим. Себеби 20 жылдап чогулткан эмгекке алар чекит коюп жатышат. Наамдарга асылбай, башка жол менен чечсе туура болмок. Менден кетсе кечириңиздер.

Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз деген билдирүүлөр келип жатат. Эми, эмне дейм. Кандай нотада мен бул жашоо менен коштошом, аны Аллах гана билет. Менин бир сөзүм – чоң талкууга дароо түшөт экен да …
Ар ким өзү-өзү менен, сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деп жашаш керек экен. Адамдык сапаттар көптөрдө жоюлуп бара жатат. Мага эч качан , эч ким болушуп, жаңылсам, же сөзгө калсам колдогон эмес. Балким, ырчылар ынтымака , биримдике келип, наамдарын бердиртпей алып калабыз дегем. Кесиптештерим- ватсап группаларда гана талкууга кошулушуп, элге келгенде кээ бирлери гана үн катат тура”, – дейт Анжелика


Сиздин пикир