Анжелика: “Жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүм келет”

2-январда ырчы Анжелика сырдуу түгөйү Дубайда колун сураганы тууралуу жазып, акыры макул болгонун билдирген. Бул кабарды азыркы тапта калың эл кызуу кепке алып, өз ойлорун комментарийге жазып, билдирип жатышат. Ал эми ырчы айым Инстаграм баракчасына кайрадан билдирүү калтырды. Анда ал ар бир адам бактылуу болууга татыктуу экенин жана ушул күнгө чейин айтылган ушактар – алар бир гана ушактар, токулмалар экенин жазган.

“Эмнеден баштаарымды билбей турам. Эх, менин жашоом – бул менин жашоом! Чоң талкуу кылуунун кажети жок. Болгону балдары бар, жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүм келет. Төрт жылдан бери кыздарым менен жалгыз саякаттап жүрүп, эс алуучулардын 50 пайызы жалгыз бой энелер экенин көрөм. Балдары менен ойнойт, күлөт, бирок сырдашкан, ишенген адамы болсо деп тилейт. Чымчыктын да уясынын бузулушун эч ким каалабайт. Ушул күнгө чейин айтылган ушактар – алар бир гана ушактар, токулмалар. Жаап-жашырынып, туура эмес нерселерди Кудай алдында жасабай таза кадамдарым менен келе жатам. Ар бирибиз бактылуу болууга татыктуубуз. Аракеттенели. Эң негизгиси тең-теңи менен болуп жүрөк ээсин тапты”, – деп жазды Анжелика.


Сиздин пикир