Алымкадыр Бейшеналиев: Медиктердин айлыгын 200 пайызга көтөргөндө кызматтан кетем

Медиктердин айлыгын 200 пайызга көтөргөндө кызматтан кетем. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтымында, ал кыска убакта медицина тармагында реформа жасоого үлгүргөн.
“Мен кыска убакта реформа жасадым. Дарыгерлердин айлыгын 100 пайызга көтөрдүк. 1-июлдан тарта дагы 50 пайызга көтөрөбүз. Бюджетте каражат жок болсо акчаны кайдан таптыңыз деп жатасыңарыбы? Мен солго кеткен каражаттарды таптым. Эми ар бир оорукананы текшерип керексиз чыгымдарда жана солго кеткен каражаттар аркылуу медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрөбүз. Мен медиктердин айлыгын 200 пайызга көтөргөндө кызматтан кетем”,- деди министр Бейшеналиев.

Сиздин пикир