Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий даражасы алынат

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык даражаларын алып салуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Дарыгерлер Медициналык академиянын жана Билим берүү министрлигинин илимий кеңешинин мүчөлөрүнө  фейсбук колдонуучу Айсулуу Атаканова өздүк баракчасы аркылуу сунуштады.

“Акыркы окуяларга байланыштуу тергөө жүргүзүп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий наамдарын жокко чыгарууну суранам!
Ал илимий чөйрөнү, жүздөгөн профессорлордун жана миңдеген илимдин кандидаттарынын беделин түшүрдү. Кыргыз өлкөсүндө эгер окумуштуулар мындай кадам жасап жатса, диссертациялар менен илимий наамдар бир тыйынга деле арзыбайт. Министр учурдагы мыйзамдарды гана бузбастан медицинанын негизги мыйзамдарын жана мүмкүн болгон илимий жана этикалык нормаларды да бузган.
Кыргыз өлкөсүндө илимий жана академиялык чөйрө көз карандысыз, адилеттүү жана заманбап бойдон калууга тийиш. Илимий чөйрө бийликке баш ийбеши керек. Учурда укук коргоо органдары тарабынан адилеттүүлүккө ишенүүгө болбойт.
.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан мындай өзүм билемдикке жол бербөөнү суранам! Мындай жагдай кайра уланышы мүмкүн. Ар бир илимдин кандидаты адамдарга жаңы ууларды же дары-дармектерди колдонуп көрүүнү үйрөнүшөт”, – деп жазат сунушунда.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир