“Алмамбет Шыкмаматовдун тажрыйбасы мол, инвесторлор менен иштөөдө катачылык кетирбейт”

 

“Инвестициялык климатты жакшыртууга кандай сунуштарыңыз бар? Башынан бул тармагыбыз сазга батып калган эле. Натыйжада, Алмамбет Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине жетекчи болушу менен “тоңгон музду” эрите алабы?” деген собол таштадык. Албетте, эксперттерибиз өзүлөрүнүн байкоолоруна карата кеңештерин беришти. 

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:

— Инвестициясыз бир да өлкө өнүгө албайт. Ири державалардын бири, демократияны туу туткан Америка да экономикалык жактан алдыга жылууда инвестиция менен өнүгүүдө. Бу жерде Алмамбет Шыкмаматов баштаган мекеме инвестиция тартууда инвесторлордун келишине ыңгайлуу шарт түзүп берүүсү керек. Ал кандай шарт? Биринчиден, биздеги мыйзамдар иштеш керек. Экинчиден, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө окшоп эч ким банктын ячейкаларындагы, деги эле банктагы купуя сакталып аткан акчаларга кол салбаган оң. Мына ушу эки нерсе: мыйзамдар жана банктык кепилдик болгондо гана инвестор кайсы гана өлкө болбосун өзүнүн инвестициясын сала алат. Албетте, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов тажрыйбасы мол, күчтүү юристтердин бири. Инвесторлор менен келишим түзүп атканда катачылык кетирбейт, одоно жаңылыштыктарга жол бербейт. Ошол эле учурда өзүбүздүн ири бизнесмендер менен тыгыз иштешип, алардын дагы жаңы бизнес ачуусуна жол ачып бериши керек. Фонддорго келип түшүп аткан акчаларды тааныш-билишке салып таркатпастан, чындап ишти алдыга жылдыра тургандарга берсе, анда баары жайында болот.

Венера Осмонбетова, экономика эксперти:

— Ооба, республикабызда ушундай агенттик иштей баштаганы жакшы жаңылык. Башка кошуна өлкөлөрдө институт катары көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип келери маалым. Бирок, жөн гана ачып койбостон жыйынтык чыккыдай иштеши зарыл. Бул агенттикке ар тараптуу ишкерлер бизнес долбоорлорду өткөрүп, инвесторлор өздөрүнүн портфелине жана заманга ылайыктуу жакшы бизнес-долбоорлорду тандап алып иш баштоодо ушул агенттик эки тарапты жолуктуруп, иштерине мониторинг жүргүзүп турууда эң башкы орду бар. Менин маалыматым боюнча, бул агенттикте азырынча бизнес-тренерлер жок, мүмкүн пландарында болсо керек. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинде сөзсүз түрдө финансы консультанттар жана бизнес-тренерлер тренингдерди, семинарларды өткөрүшү керек. Себеби, бизнес-план – бул инвесторлорду кызыктырган эң биринчи документ. Баардык инвестициялык этаптар канчалык туура эсептелип, түшүнүктүү жазылса, ошончолук ишенимдүү болот да, кеткен жана түшчү акча каражаттары даана көрүнөт. Ишкерлердин көбү бизнес-планды ойлоп, ар бир этабына мониторинг өткөрүүгө даяр эмес, ошондуктан агенттик тренерлердин жардамы менен окуутусу абзел. Ошондо кана “тоңгон муз эриши керек”.

Арзыбек Кожошев, экономист, коомдук ишмер:

— Биринчи кезекте инвестиция тартуу үчүн өлкөбүздө туруктуулук болуш керек. Ошондой эле инвесторлор үчүн мамлекеттик кепилдик, коопсуздук, шарт түзүшүбүз абзел. Азыркы күндө Садыр Нургожоевич өзү инвестиция тартуу, бизнести коргоо боюнча бир топ тапшырмаларды берип, президенттин алдында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик түзүлүүдө. Бул агенттик түздөн-түз президентке баш ийип, бюрократияны жоюп, инвестиция тартууга жана аларды коргоодо чоң ролду ойнойт. Агенттиктин мүмкүнчүлүктөрү көбөйүп, жакшы жыйынтык берет деп ойлойм.

Медер Алиев, коомдук ишмер:

— Мамлекетке инвестиция келиш үчүн, инвестициялык климат жакшы болуш үчүн дүйнөдө баардыгы тааныган талашсыз себептер бар. Алар:

1) саясый стабилдүүлүк керек. Инвесторлор туруктуу мамлекетке акчаларын алып келишет;

2) адилеттүү сот системасы керек. Себеби, көп инвесторлор сөзсүз соттошот, өздөрүнүн өнөктөштөрү менен, мамлекет менен, үчүнчү жактар менен;

3) таза, мыйзам чегинде иштеген укук коргоо органдары болушу шарт. Инвесторлорду талап-тонобогон, тескерисинче, аларга жардам көрсөткөн;

4) жергиликтүү элдин инвесторлорго болгон түшүнүгү жогору болуш керек. Элибиз түшүнүш керек, ошол инвесторлор келсе, алар биздин жерди жеп-жутпайт. Тескерисинче, инвестор салык төлөйт, анын натыйжасында айлык акылар төлөнөт, жолдор курулат, пенсия-пособиелер берилет. Албетте, эгерде инвестор таза болсо, аферист болбосо…

Мына ушул мамлекеттик системанын институттары иштесе, анда бизге инвесторлорду коргой турган органдын деле зарылчылыгы жок болуп калат. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов кандай иштей алат экендигин убакыт көрсөтөт. Бул тармак оор, татаал. Алмамбет мырзага ийгилик гана каалап кетмекчимин.

Сейил Нажимудинова, экономикалык эксперт:

— Дүйнөлүк практикада чет элдик болсун, жергиликтүү болсун, инвестиция өлкөдөгү саясый жана экономикалык стабилдүүлүккө өтө көз каранды. Өзгөчө биринчиси дагы маанилүү.

Жергиликтүү инвестиция үчүн мамлекеттик колдоо протекционизм саясаты керек болсо, чет элдик инвесторлор үчүн шарттар түзүлүп берилип, кепилдик болуш керек.

Эгер өлкөдө, мисалы, McDonalds же Starbucks ачылса, бир жагынан өлкөдөгү сатып алуу күчү жогору, экинчи жагынан өлкөдө стабилдүүлүк бар экендигинен кабар берет. Бул маселе бизде көп жылдардан бери артыкчылыктуу багыт болгон менен алгылыктуу нерсе ортодо жок. Бул менин жеке пикирим. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов мырзага жана анын командасына жакшы экономисттер жана юристтер керек. Өзгөчө эл аралык бизнес жана укукту жакшы билген.

Агенттикке жетекчи болуп ким келсе келсин, өлкөдө жалпы экономикалык жана саясый стабилдүүлүк болмоюнча, ишти алдыга жылдыруу оор.

Сурат Жылкычиев 

“Азия Ньюс” гезити


Сиздин пикир