Алмазбек Атамбаев шайлоодо “пустой” бюллетенди урнга салды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев  жарандык милдетин аткарын шайлоого катышып өз добушун берди. Президенттикке талапкерлердин бирин да колдобой турганын айтып бош бюллетенди урнага салды. Ал эми Референдумга парламентаризмди колдой турганын ачыктады. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кечээ, мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн алкагында,  Алмазбек Атамбаев №47 абактан шайлоого катышты. Бул шайлоодо Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкерлердин бирин да колдогон жок. Ал калыстык кылды. Башкача айтканда бош бюллетенди урнага салды.  Ал эми башкаруу формасы боюнча ал парламентаризмге добуш берди», — деп жазды жактоочусу.


Сиздин пикир