Айылчы Сарыбаев: “Новиковдун келиши – бул фантастика, кыргыз элине душмандык!”

 

— Айылчы агай, бүгүнкү бюджеттин 37 миллиард сом таңсыктыгы кайдан чыга калды? Бул 1-2 айда чогула калган сумма эмес да…

— 37 миллиард сом таңсыктыкты кеткен президент Жээнбековго илип койгон да туура эмес. Негизги себеби, бул эгемендик алгандан баштап социалдык-экономикалык саясатыбыздын жыйынтыгы, ошондон бери келе жаткан оору, завод-фабрикаларыбыздын баарын талатып-тонотуп, жаап, элди эшикке чыгарып, жүз миңдеген кишилерди тентитип, ал аз келгенсип колхоз-совхоздордун баарын тап душмандарыбыздан бетер жоюп, натуралдык чарбага өткөргөндөн баштап келе жаткан проблема. Биз ошондон бери кризистен чыга элекпиз. Ошол кезде “кризис болот” десе Акаевди алдашкан, “сен коркпо, биз Дүйнөлүк банк, Эл аралык финансы фондусу сизге арзан кредит беребиз 40 жылга (мына андан бери 25 жылдай убакыт өтүп калды), кредиттин эсебинен Швейцария болосуңар. Тоо кен өнөр жайыңды “Камекого” бересиңер. Жериңерди, ГЭСиңерден бери сатышыңар керек, ошондо силер жыргап оокат кыласыңар” деп Акаевди алдашкан. А Акаев болгону физик, физиканын академиги. Ал мамлекет башкаруунун академиги эмес болчу. Элдин баары ойлойт “ал академик” деп. Мен дагы бир жолу айтып коёюн, ал физиканын академиги. Бригадир, башкарма да болуп көрбөгөн, эч качан районду, облусту да башкарып көрбөгөн кишини мамлекеттин башына коюп койдук. Анан анын тегерегиндегилер бүт чет элдик консультанттар болгон, ошону эч ким эсине албайт. Биздин баёолугубуз ушунда, өз алдынча мамлекет, рыноктун шарты деген түшүнүктөр болгон эмес. Мына ошонун натыйжасын бүгүн көрүп жатабыз. Ошол күндөн башталган коррупция, башаламан башкаруучулук, кадрдык кризис, билим системасындагы, саламаттык сактоо системасындагы жана башка тармактагы кризистер, жыл башынан башталган пандемия оорусу мына сен айтып жаткан 37 миллиард сом таңсыктыкты ушул күнгө алып келип отурат. Бул 37 млрд. сом бери эле жагы. Мүмкүн, 42-50 миллиарддыр… Ошон үчүн Бакиевди, Атамбаевди жана Жээнбековду такыр эле күнөөлүү деп айтыш бир жактуу. Биз башынан коррупциялык системага түшүп калган өлкөбүз. Ошон үчүн булар мафиялык топтун курмандыктары болушкан.

— Бакиевдин учурунда дефицит бюджет азайып, кай бир жылдары профицит менен чыкканын кандай түшүнсөк болот?

— Ошол мезгилде Акаев кетип, Бакиев келген учурдан баштап ууру-кескилер мыйзамдуу жашоого өтө баштаган. Бир аз болсо дагы көмүскө экономиканы ачыкка чыгарганга аракет кылышып, салык төлөп, “мен таза, ак иштеп жатам” деген процесс кеткен. Бул жеке Бакиевдин жана анын кадрларынын салымы эмес. Булар жөн гана ошол кездеги жетишкендиктерди өздөрүнө энчилеп алышкан. Бул убактылуу эле көрүнүш болгон, алар мыйзамдар менен согушкан эмес. Коррупциялык, мафиоздук система андан кийин башталды, а Бакиев болсо курулуп калган мафиоздук системаны талкалай албасына көзү жеткен соң, коррупциянын алдына түшүп алып, өзү баштап жөнөп берген. Биз мафиоздорго көп анча көңүл бурбай келебиз, мына ошол мафиоздор көмүскө экономиканы түзүүчүлөр жана башкаруучулар. Алар өз учурунда мамлекеттин башкаруучуларын жана депутаттарды дагы өздөрүнө баш ийдирип алышкан. Керек учурда бийликке барып, депутат да боло алышат. Дагы бир чоң себеп, рыноктук экономикада адамдарга эркиндик берип, жаратылыштын шартына жараша жашоо дегендик. Ким күчтүү, акылдуу, эмгекти көп кылса, ал жакшы жашайт деген рыноктун мыйзам ченемдүү көрсөткүчү. А биз ошол рыноктун “эмгек кылуу” деген атрибутун унутта калтырып, карыз алып жашамайга өткөнбүз. Президент, премьер эки жакка чыкса, “кредит, грант ала келдиби” деп күтөт экенбиз. Кокус карызга акча ала келсе мактайбыз дагы, анан “аны кечет бекен?” дейбиз. Ушинтип отуруп өлкөнү жатып ичерге айлантып салганбыз. Мамлекетибизди алдыга сүрөй турган 1,5 миллион алдуу, күчтүү улан-кыздарыбыз чет өлкөнүн продукциясын чыгарып, алардын өнүгүүсүнө салымын кошуп иштеп жатышат. Бул биздин эми трагедиябыз. Муну “утечка умов” же болбосо “утечка капитала труда” деп айтат. Атамбаев баш болгон убактылуу өкмөт дагы катуу келген, “бул системаны кыйратабыз, талкалайбыз, согобуз” деп. Атүгүл азыр жер тепкилеп Садыр Жапаровду болушунча катуу сындап жаткан Текебаевдин дагы биринчи лозунгу коррупция менен күрөшүү болгон. Ишти баштап каматайын десе, жакындары, тааныштары, туугандары, же өзүнө жардам берип жүргөн жардамчысы. Каматпайын десе өлкө талкаланып жатат. Анан эмне кылган? Булар дагы айлалары кетип, тил эмизип куру сөзгө өтө баштаган. Коррупция менен эң катаал күрөшкөн бул Чилинин президенти Пиночет болгон да. Ал ошол кездеги Луис Корвалан өкмөтүнүн мүчөлөрү менен баш кылып стадионго 10-15 миң кишисин коррупцияга аралашкан (!) деп аттырып таштаган. Ошондон Луис Корвалан эптеп кутулуп чыгып, Москвага качып келген эле. Пиночет өлкөсүн башкаруудагы 17 жыл ичинде эң алдынкы өлкөлөрдүн катарына жеткирген. А азыр биздин бийлик башындагыларга коррупция менен мафияга каршы туруш үчүн баш менен жүрөк керек. Эгер журт башчыларыбызда мындай сапат болбосо, алар эч качан күрөш жүргүзө албайт. Күрөш жүргүзгөн Акаев, Бакиев, Атамбаев жана Жээнбековдорду көрбөдүкпү.

— Айылчы агай, бизге окшоп кошуналар деле эгемендикти чогуу алды эле, ошол кезде президенттери деле биз мактангандай академик, профессор деле эмес, жөн эле өз иштерин мыкты билген жетекчилер эле. Азыр алар алда кайда кетишти, биз кайда жүрөбүз… Мунун сыры эмнеде?

— Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кичинекей кызматтан баштап, министрлер советинин башкармасы, андан кийин 1-секретарь болгон. Ал өзү өндүрүштү жана элдин турмушун жакшы билет. Ислам Каримов болсо райфин бөлүмдүн кенже салык инспекторунан облфин бөлүмдө, кийин финансы министри, мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы, министрлер советинин төрагасы болуп, анан барып президент болгон адам. А биздикин айттым го, асмандан түшкөн. Демек, кошуналардын бизден айырмасы бар бекен?

— Бийлик башына келген президенттердин баары эле “экономиканы алдыга жылдырабыз, кыйратабыз” деп атышып эле, анан акылдары жетпей,  “салыктан, бажыдан эле эптеп акча түшүп турса болду” деп калышат. Хронометраждык байкоо жүргүзүү менен салыктын өлчөмүн аныктап бергендери дагы күмөн жаратат…

— Айтканга жеңил, бирок оор себеби, мамлекет башына келгендер финансы-экономикалык саясатын жүргүзгөн эмес, экономика таптакыр башкаруусуз калган. Финансы министрлери өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүдөн куржалак калган инсандар болду. Ал гана эмес финансы менен кредиттин айырмасын билбеген, акча менен финансынын айырмасын аңдабаган, салыктан түшкөн акча менен кетип жаткан акчадан өз үлүшүн алып калмай, биринчи жана экинчи менен бөлүшмөй гана болгон, бөлөк эч милдет болгон эмес. Ошон үчүн нормалдуу салык саясаты, салык системасы жана салык тарифи болгон эмес. Бул эле эмес, бажы саясаты, экспорт-импорт саясаттары болгон эмес, бирок аты бар. Аны кантип иш жүзүнө ашыруу механизимдери жок. Ошон үчүн салык, бажы тармагындагы тарифтердин баары коррупциялашкан, тактап айтканда, бир гана мафиоздор үчүн бекитилген ставкалар. Биз бир эле Матраимовду күнөөлөйбуз, а кеп коррупция-мафиялык түзүлгөн системада болуп жатат. Аны ким түзгөн? Аны жанагы чет өлкөлөрдөн келген консультанттар түзгөн. Аларга кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүп кетүүсү кызык эмес. Кызыкчылыгы коррупция гүлдөп туруш керек, мамлекети начар, экономикасы, саламаттык сактоо, илим-билими талкаланган, ар кимден карыз сурап жалдырап жүргөн өлкө болсо, анан бул өлкөнү өзүнчө бир база сыяктуу түзүп алып, баш ийдирип башкарып туруу болгон.

— Азыркы бийликтегилер мамлекеттин экономикалык саясаттын жүргүзөт деп Артем Новиковго күнү түшүп турган чагы. Чын эле Новиков баардык тармактардын эң оору экономикалык тармакты жөндөп кете алабы? Күмөн болуп жатканымдын себеби, экономикалык кризистен алып чыгуунун конкреттүү программасын айтпай эле, бизнесмендердин чөйрөсүндө эле чуркап жүрөт. Аларды колдоп, жеңилдетилген насыя жана 1-2 жылга текшерүүнү токтотуп, мораторий жарыялап жиберсек эле экономика дүркүрөп өсүп өнүгөт деген таризде. А.Новиков мамлекетти ойлойбу же ага баары бирби? Дегеним, текшерүүнү токтотуп койсо эле бизнесмендер 100%   салыгын төлөйт (!) деген бул кыял го?             

— Бул деген кадр саясатынын таптакыр жоктугу. Анархия, кимди койсо боло берет турбайбы (?) деген түшүнүк. Мисалы, совет доорунда койчуну деле “койду багалабы? Токту, борук, ж.б. койдун айырмасын билеби?” деп атып тандачу. Ал эми бул жерде “килейген мамлекетти ушул багат” деп Новиковду экономиканын башына алып барып коюшту. Кечирип койсун, адамдык сапатына доо кетиргим келбейт, бирок экономист, кесипкөй инсан катары экономика чөйрөсүндө түк укпаптырмын дагы көрбөптүрмүн. Болгону Атамбаевдин убагында финансы министри боло коюп, иштей албай жыдып түшкөнүн билем. А.Новиковду кайра алып келиш – бул эми фантастика, кыргыз элине болгон душмандык, “кыргыз мамлекетин өлтүрөм, талкалайм” деген сөз. Бул жигит мүмкүн “ставленник”. Түшүнгөн кишиге Кыргызстанды, кыргыздарды кемсинткендик, шылдыңдагандык. Болбосо, өзүнө суроо берет эле да “ушул маанилүү, жооптуу кызматты тартып кете аламбы же жокпу?” деп. Мисалы, Нарын менен Таластын айырмасын билеби? Кыргыздарды шылдың кылуунун бир формасы ушул.

Мына эми мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөнү жатат. Жаңы президент келсе, азыр казынасы бош, азык-түлүк кампасы дагы чеке жылытарлык деңгээлде топтолгон эмес. Бюджет тартыштыгы так эсептелип чыга элек, чыкса 50 миллиард сомго барат, катып койгон малдары, токтотуп койгон завод-фабрикалары бар бекен, эртең “кайра ишке киргизели, келгиле, жумушту баштап жиберели” дегидей. Эчтеме жок, оору-сыркоо күч алып турат, эки айдан кийин азык-түлүк түгөнө баштайт, айылдагы элдики да түгөнөт, мал арыктайт, андан кийин эмне кылабыз? Бул эми чоң суроо… “Каякка барба, Мамайдын көрү” дегендей болуп турабыз. Азыркы келген президентибизге өтө кыйын болот. Келген президентибиз эл менен эле эмес коңшу өлкөнүн жетекчилери менен дагы тил табышып иштей турган болуш керек. “Тил табышып иштейт” десе эле “хоп, майлиге” өтүп албаш керек.

— Мамлекет жеке ишкерлерге шарт түзүп бергенге аракет кылып келет. Жадагалса текшерип барам дегендерге дагы 10 күн мурун эскертүү берип, анан текшерет, бул гана эмес тамактануучу жайларды дагы ушундай кылып салган, ал жакта антисанитария болуп жатабы – алардын башы оорубайт. Ушундай сабатсыз токтомдору үчүн экономика мнистрлигинин кереги барбы? 

— Мындай саясат туура эмес, сөзсүз текшерүү болуп туруш керек. Текшерүү биринчи кезекте жеке ишкерлер үчүн жакшы, себеби ошону менен алар тазаланып алышат. Антисанитария болуп жаткан тамак-аш жайларын текшерүү керек. Эгер аны “сен даяр болуп тур, 10 күндөн кийин текшерем” дегени өтө туура эмес. Бизде ар ким бийликке келсе эле өз бизнесин коргой баштайт. Мисалы, кирпич заводу болсо эле салыктан бошото баштайт, же дагы бир ишканасы болсо анысын да салыктан бошотот, мамлекеттик башкаруу, ой жүгүртүү жок. Ошондуктан башын ооруткусу келбей, даяр сөздөргө өтүп, “бизнесмендерди колдойлу, текшербейли” демиш болуп, анын артындагы өзүнүн 20-30дай фирмасын салыктан бошотуп, текшертпей тагдырын чечип алып жатышат. Ошон үчүн ушундай методду колдонуп келишүүдө. Мамлекет болгондон кийин сөзсүз пландык жана плансыз кылып, керек маалда дароо текшерип туруш керек. Койду кайтарбасаң ар кайсы тарапка жайылып кеткендей эле кеп да. Дагы айтам, текшерүү сөзсүз болуп туруш керек. Ошол эле мезгилде ишкерлерге жеңилдик берүү – жаңы 10 миң, 100 миң иш оорундарын түзсө, “элди багып, ун чыгарып, нан бышырам, сүт чыгарам, азык-түлүк чыгаруу менен камсыз кылам” десе, башка сөз. Анан баарына эле жеңилдик берүү болбойт да, анда биз каякка барабыз? Карапайым элди ким коргойт? Мамлекет ошол бизнесмендер аркылуу элди коргойт, жумушчу орундарды түзүп, пайдасынан элге берип, салыгын төлөп турса ошого жеңилдик бериш керек. Эгер ишкер россиялап жүргөн кыргызстандыктардын 200 миңин алып келип жумуш ордун түзөм десе, мына ошону салыктан бошотуп иштетиш керек.

— Мамлекет элди багам десе, “алма быш, оозума түш” деп жалаң эле бизнесмендерди карап отура бербей, өздөрү дагы жакын арада жумуш орундарын түзүп, мыйзамсыз мурда-кийин сатылып кеткен, бюджетти толуктоочу стратегиялык ишканаларды кайрадан өздөрүнө алып, жандандырып, иштетсе болот беле? Буга мисал, Бишкек арак заводу. Муну баары эле билет, мыйзамсыз жол менен банкрот кылышып, негизги мүлкүн жер-пери менен бийлигинен пайдаланып менчикке чыгарып алышканын. Буга эмне жаңы бийлик реакция бербей жатат?

— Менчиктештирүү деген саясат менен мамлекетик ишканалардын ишин атайын банкрот кылышып, андан кийин “аукцион менен сатабыз” деген шылтоо менен аукционду 2-3 жолу өткөрүшчү. 1-2 жолу өткөргөн аукциондоруна “кишилер катышпай коюшту” деген шылтоо менен бааларын улам төмөндөтүп, үчүнчү жолкусунда дагы бааларын түшүрүп туруп, текейден арзан баага сатып жиберип турушкан. Жакшы эле иштеп турган спирт заводу “банкрот болду” деген дүйнөдө жок. А кыргыздар спирт заводун итбекер сатып жиберип, эми өздөрү сырттан спирт импорттоп отурушат. Көрдүңүзбү, кандай тескери иш жүргүзүп келишкенин? Канчалаган мамлекеттик ишканаларды “банкрот” деп табышып, “мамлекет жаман башкаруучу экен, биз аны жеке менчикке бербесек болбойт” деп талап-тоноп турушкан. Буга мисал: Бакиевдерден мамлекеттин менчигине өткөн БНК май куюучу жайы. Аны эмне кылышты? Итбекер сатып тынышты. Санай берсек мындай мисалдар жетишерлик.

“Азия Ньюс” гезити


Сиздин пикир