Айзаданы уурдаган адам алты жыл соттолгон, үй-бүлөсү, эки баласы болгон

Маркум Айзада Канатбекованы уурдаган  Замирбек Тенизбаев буга чейин соттолгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын криминалдык милициянын начальниги Улан Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, маркум Замирбек тоноого шектелип Россияда алты жыл абакта отуруп келген.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, уурдаган адам үй-бүлөлүү, эки балалуу болгон. Шектүүнүн бир тууганынын айтымында, 2017-жылы Россиядан Кыргызстанга кайтып келген. Замирбек Тенизбаев таксиде иштеген, акыркы бир нече айда ал унаада жашаган. Бир бычактан алган жаракат уйку артериясына тийген. Сыягы, ал аны сол колу менен өзүнө бычак урган. Кызды болсо футболка менен муунтуп өлтүргөн. Кылмышка шектүүнүн  автоунаасынын ичинде кийим-кече салынган баштык болгон », – деди Улан Айтбаев.

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарында зомбулукка каршы митинг болууда.

Булак:argument.kg


Сиздин пикир