Айзаданын туугандары ала качып кеткен бала менен кандайча таанышканын билдиришти

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданы өлтүрүп, кийин өз өмүрүн кыйган бала мурунтан эле тынчын алып жүргөн. Бул туурасында Айзаданын эжеси билдирди.

Анын айтымында экөө инстаграм аркылуу таанышкан.

«Айзада аны менен инстаграм аркылуу таанышкан. Бир канча убакыттан бери аркасынан түшүп жүргөн. Биз туугандары ал баланы деле толук билбейбиз. Ушул айдын жыйырмасына билет алып, Турцияга кетмек.»-дейт эжеси.

Айзаданын сөөгү бүгүн саат 16:00 дө Балыкчы шаарында жерге берилет.

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала 26 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен.

Эки күн өткөндөн соң, тактап айтканда 7-апрелде Айзаданы ала качып кеткен бала муунтуп, кийин өз өмүрүн кыйган деген маалымат тараган. Алардын сөөгү талаадан, унаанын ичинен табылган.

Булак: 
MEZGIL.KG


Сиздин пикир