Айжан Чыныбаева: “Мен күнөөлүү эмесмин.Кыздар эки мүнөөткө эшикке чыгышкан”

“Ак кеме” бала бакчасынын ачылыш аземиндеги сүрөттөр коомдун көңүл чордонуна калып, көптөгөн жарандар ар түрдүу пикир калтырышкан. Көп өтпөй бул тууралуу биринчи вице мэр Айжан Чыныбаева ачылыш аземиндеги сурөт боюнча пикирин калтырып, кыздардын абалы тууралуу да билдирген.
“Көптөн бери күтүп, шаардыктар менен бөлүшкүбүз келген жаңылыктарда жагымсыз жагдай пайда болуп, социалдык тармактарда бишкектиктердин жөн гана нааразычылыгын жаратты.
Мэрия шаардыктардын реакциясын көз жаздымда калтырган жок. Кызматтык иликтөөдөн кийин окуучуларды мындай иш-чараларга катыштырбоо боюнча көрсөтмө берилди”-дейт Чыныбаева. Ал эми кийинки иш чараларда өспүрүмдөрдү катыштырбоого убадасын да берди.


Сиздин пикир