Айгүл Жапарова: Садыр романтик эмес

2020-жылы ноябрда Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова (Асанбаева) Россиянын “Около политики” журналына маек курган. Кызыктуусу, ошондо дагы журналисттер аны мамлекеттин биринчи айымы деп аташкан.

Эми Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп калганда, аялынын маегинен үзүндүлөр кайрадан актуалдуу болуп жатат. Жапарова орустарга эмне деди?

– Үй-бүлөңүз кандайча пайда болду, Садыр менен кандайча тааныштыңыз? Тойдун алдында ал сиздин көңүлүңүздү кантип алды?

– Садыр экөөбүз аябай жаш кезибизде тааныштык. Дароо айтып коёюн: ал романтик эмес. Студенттик жылдары Садыр Бишкекте жүргөндө, мен Караколдо окусам дагы, ал мага ар жума сайын телефон сүйлөшүүлөрүнө чакыруу үчүн телеграммаларды жөнөтүп турчу анткени, бул Советтер Союзундагы бирден-бир байланыш болчу.

Мен бир жума бою кантип күткөнүм, канчалык кубаныч менен телефон станциясына чуркаганым эсимде. Ошол күн келгенде кээде эмне жөнүндө сүйлөшөрүбүздү билбей, бири-бирибиздин үнүбүзгө кулак төшөп калчубуз.

Анан той болду, балдарыбыз төрөлдү. Биздин төрт перзентибиз бар жана ар бир баланын төрөлүшү биз үчүн чоң бакыт болду. Алардын төрөлүшү гана эмес, ошондой эле алгачкы кадамдары, алар айткан биринчи сөздөрү. Биздин балдар-биздин кубанычыбыз, биздин бактыбыз, биздин сыймыгыбыз. Ар бир үй-бүлөдө ушундай болсо керек (жылмайып).

Кээде жолдошум Садыр аябай тырышып иштеп жатып, кээ бир маанилүү нерселерди өткөрүп жиберген окшойт деп ойлойм.

– Эми көпчүлүк сизди карап түздөнөт, мисал келтиришет, бул сизди коркутпайбы?

«Бул мени коркутпашы керек деп ойлойм. Бул белгилүү бир жоопкерчиликти жүктөйт, бирок чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мен муну элдин пайдасына багыттаганга аракет кылам. Анын үстүнө мен ар дайым элге жакын болууга аракет кылчумун жана мүнөзүм боюнча, адамдар менен тез тил табышам жана баарлашканды жакшы көрөм. Бул мүнөз мамлекет башчысынын аялына анчалык деле жакшы эместир (жылмайып


Сиздин пикир