ВИДЕО-Өрттөнгөн учак 41 адамдын өмүрүн алды…

142
06.05.2019

Москвада Шереметьево аэропортунда «Аэрофлот» компаниянысынын Superjet учагы кырсыкка учурап 41 адам көз жумду. Орусиянын Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцовага кырсыкта жыбыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгендигин РФнын Тергөө комитети билдирди.

Sukhoi Superjet 100 учагы 5-майда кечинде аэропортко өрттөнгөн абалда конгон.

Маалыматка ылайык, борттогу адамдардан 37-38 адам гана аман калган. Каза болгондордун арасында экипаж мүчөлөрү да бар.

В.Скворцова, жабыркагандардын көбү түтүнгө уулангандар жана денеси кайсы бир деңгээлде күйгөндөр экендигин айтты.

Булак:NazarNews.kg

Category

Сиздин пикир