Кыргызстандыктар жаңы жылда 4 күн катары менен эс алат

Токтом беш күндүк жумуш графиги менен иштеп, эки күн эс алган мекемелердин, уюмдардын жана башкармалыктардын кызматкерлери үчүн кабыл алынды.

Кыргызстандыктар жаңы жылда төрт күн катары менен эс ала турганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 1-2-3-январь эс алуу күнү деп жарыяланды.

«Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дем алуу күндөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында иш күндөрүн которуу боюнча токтомго кол койду. Натыйжада 2017-жылдын 1 жана 7-январы 2017-жылдын 2 жана 9-январына жылдырылып 1-2-3-январь дем алыш күн деп жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.

Бул токтом беш күндүк жумуш графиги менен иштеп, эки күн эс алган мекемелердин, уюмдардын жана башкармалыктардын кызматкерлери үчүн кабыл алынды. Ошондой эле кыргызстандыктар 2016-жылдын 31-декабрында дагы эс алышат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу